Кыргызгидромет борборунун маалыматына караганда, 17-майда түнкүсүн Чүй облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Күндүз жаан-чачын болбойт.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде секундасына 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32,
Талас облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +23…+28,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25,
Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +21…+26.
Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +30…+32 градус болот.