Connect with us

Ошто курал-жарактарды мыйзамсыз сактагандар кармалды

Кыска кабар | 16 Май 2023 | 312 | 0

15-майдан 16-майга караган түнү Ош шаарында курал-жарактарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактап жүргөн жарандардын тобу кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, куралды мыйзамсыз алып жүрүүгө шектүү кылмыштуу топ жүргөн унаадан АКСУ-74У үлгүсүндөгү автомат (магазининде 4 огу менен) жана 1 даана тапанча (магазинде 3 огу бар) алынган. Кармоо учурунда алар милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүшүп, качууга аракет жасашкан.

«Унаада Аксы районунун тургуну 1996-жылы туулган Ө. уулу Т., Өзгөн районунун тургуну 1993-жылы туулган А. уулу Э. жана Кара-Суу районунун тургуну 1994-жылы туулган Ш.Т.лар болушкан. Учурда алгачкы тергөө амалдары жүрүп жатат. Кармалгандардын баары мурда бир нече жолу сот жообуна тартылган жарандар», — деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM