Биз менен байланышыңыз

Токаев 70 жаш юбилейин белгилебейт

Дүйнө , Кыска кабар | 16 мая 2023 | 301 | 0

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 70 жаш юбилейин белгилебейт. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Руслан Желдибай билдирген.

Анын айтымында, 17-май күнү Токаев кадимкидей эле жумушунда болот.

«Бул президенттин принципиалдуу позициясы. Так ошол күнү өлкө башчынын Кытайга мамлекеттик сапары башталат. Казакстанда же Кытайдагы визитинин алкагында да эч кандай маареке же шаан-шөкөт уюштурулбайт», — деп кошумчалаган Токаевдин маалымат катчысы.

Касым-Жомарт Токаев 1953-жылы 17-майда Алматы шаарында туулган.

Буга чейин да Токаевдин туулган күнүн белгилөөнү жактырбай турганы айтылган. Президенттин үй-бүлөсүндө мындай жөрөлгө жок.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM