Connect with us

«Ыйман Нуру» фракциясы акыйкатчылыкка Кулира Кубатованы сунуштады

Кыска кабар | 16 Май 2023 | 175 | 0

Жогорку Кеңештин «Ыйман Нуру» фракциясы акыйкатчы кызматына Кулира Кубатованын талапкерлигин сунуштады.

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук боюнча комитетинин жыйынында талапкер өзү жөнүндө маалымат берип, депутаттардын суроолоруна жооп берүүдө.

Ушул жумада аталган комитет акыйкатчы кызматына фракциялар тарабынан сунушталган талапкерлерди угуп, аларды парламенттин жалпы жыйынына сунуштайт.

Эреже боюнча акыйкатчы кызматына талапкерлерди Жогорку Кеңештеги фракциялар көрсөтүп, жалпы жыйында депутаттар добуш берүү менен тандап алат.

Буга чейин Жогорку Кеңештин «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы жана «Мекенчил» тобу акыйкатчы кызматына Жамиля Жаманбаеваны талапкер катары сунуштаган.

Кечээ, 15-майда Акыйкатчы институтунун жалпы жамааты Жогорку Кеңештин төрагасына жана фракция башчыларына кайрылуу жолдошуп, анда акыйкатчы кызматына учурдагы аппарат башчы Аскат Азарбековдун келишин айтып, 57 кызматкер кол койгон кат жиберишкен.

Эске салсак, 3-майда Жогорку Кеңештин жыйынында акыйкатчы Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу маселеси каралып, көпчүлүктүн «макулдугу» менен колдоо тапкан.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM