Биз менен байланышыңыз

Коңкубаева: Каза болгон прокурордун үй-бүлөсүнө 21 млн сом төлөнөт

Кыска кабар | 16 мая 2023 | 865 | 0

Чаткал районунун каза болгон прокурору Бакирдин Жанузаковдун үй-бүлөсүнө 21,7 миллион сом төлөнөрү 15-майда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду.

Бул коомчулукта талкууга жем таштады.

Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева комитет жыйынында айткандай, прокурор кызматтык милдетин аткарып жатып каза болсо, анын үй-бүлөсүнө кенемте төлөнөт.

«Кыргыз Республикасынын прокуратура жөнүндө конституциялык мыйзамынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, кызматтык милдеттерин аткарып жатканда курман болгон адамдын үй-бүлөсүнө төлөнүп бериле турган материалдык акы бар. «Акыркы кызмат орду боюнча орточо жылдык эмгек акысынын эсебинен 20 жылдык эмгек акы өлчөмүндө бир жолку жөлөк пул төлөнөт» деген чечим кабыл алынган. Ал 21 миллион 699 миң сомду түзөт», — деди башкы прокурордун орун басары.

Депутат Камила Талиева мектептерге бөлүүгө 5 миң сом табылбай турганда, мындай акчаны бөлгөн бюджетке таң калуусун билдирди.

Эл өкүлү Надира Нарматова да мындай пикирге кошулуп, прокурорлор мыйзамдарды өздөрүнө ылайыктап алганын сындады. Соттордун да пенсиясы ири өлчөмдө экенин айтышып, теңсиздикти жоюу үчүн мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү талап кылышты.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө мыйзамга ылайык, кызматкер иш учурунда жараат алса, же ошонун кесепетинен каза тапса, анын үй-бүлөсүнө акыркы кызмат орду боюнча орточо жылдык эмгек акысынын эсебиндеги 20 жылдык эмгек акы өлчөмүндө бир жолку жөлөк пул төлөнөт.

Бул бир эле прокуратурага тиешелүү эмес, бардык эле укук коргоо органдарына, тактап айтканда УКМК, ИИМ, Бажы кызматы, Салык кызматы, Жазаларды аткаруу кызматы өңдүү мамлекеттик органдарга тиешелүү.

Мындай мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Башкы көзөмөл органы, кенемте каза болгон ар бир прокуратура кызматкерлерине төлөнбөй турганын, бир гана кызматын аткарып жатып, каза болгон кызматкерлерге бир жолу төлөнөрүн белгилейт. Мындай компенсация төлөп берүү учуру акыркы 10-20 жылда 1-2 жолу катталган.

Copyright © 2017 Maral FM