Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчы институтунун жамааты омбудсмендикке өзүнүн талапкерин сунуштады

Кыска кабар | 15 мая 2023 | 506 | 0

Акыйкатчы институтунун жалпы жамааты Жогорку Кеңештин төрагасына жана фракция башчыларына кайрылуу жолдоду.

Алар акыйкатчы кызматына учурдагы аппарат башчы Аскат Азарбековдун келишин айтып, 57 кызматкер кол койгон.

«Азарбеков аппарат жетекчиси катары башкаруучулуктун бийик деңгээлин көрсөтүп, жамааттын сыйына, ишенимине ээ боло алды. Эгер акыйкатчы болуп калса, институттун ишин жакшыртып, аброюн эл аралык деңгээлде көтөрө аларына ишенебиз», — деп жазылган катта.

Акыйкатчы кызматына фракциялар же депутаттык топтор сунуштайт.

Акыйкатчы кызматын буга чейин Атыр Абдрахматова аркалап келген.

Жогорку Кеңеш 19-апрелдеги жыйынында өлкөдөгү адам укуктары менен эркиндиктеринин абалы боюнча акыйкатчынын бир жылдык баяндамасын уккан. Бирок сөзүн аягына чыгарбай, баяндаманы толук укпай токтотушкан. Андан кийин «Ата журт-Кыргызстан» фракциясы Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда отставкага кетирүү сунушун көтөрүп, ал тармактык комитеттин кароосуна жөнөтүлгөн.

Сунушту Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитети 27-апрелде колдоп берген. Андан соң бул маселе 3-майда жалпы жыйында каралып, 50 «макул», 5 «каршы» добуш менен Атыр Абдрахматова кызматынан бошотулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM