Биз менен байланышыңыз

Эл аралык өнүктүрүү фонду Кыргызстанда жолдорду оңдоого 15 млн доллар бөлөт

Кыска кабар | 15 мая 2023 | 195 | 0

Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү фонду (ОПЕК) «Талас — Тараз — Суусамыр автожолун реконструкциялоо» долбоору боюнча 15 млн долларга бааланган келишимге кол коюшту. Бул тууралуу Финансы министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, келишимге министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев жана финансы министри Алмаз Бакетаевдин Эл аралык өнүктүрүү фондунун башкы директору доктор Абдулхамид Альхалифа менен жолугушуусунда кол коюлду. Жолугушуу Ислам өнүктүрүү банкынын башкаруучулар кеңешинин жыл сайын өтүүчү 48-жыйынынын алкагында өттү.

Белгиленгендей, бул каражат Талас — Тараз — Суусамыр автожолун реконструкциялоого жумшалат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM