Биз менен байланышыңыз

Төрт-Күл суу сактагычына түшүп кеткен балдардын биринин сөөгү табылды

Кыска кабар | 15 мая 2023 | 611 | 0

Баткен облусунун Төрт-Күл суу сактагычына түшүп кеткен балдардын биринин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 14-майда саат 20:35те Төрт-Күл суу сактагычында кайык менен жүрүшкөн болжолдо 15-20 жаштар чамасындагы эки бала сууга чөгүп кеткени боюнча маалымат алган.

Ушул эле күнү саат 20:50дөн түнкү саат 12ге чейин №3 издөө-куткаруу отрядынан 10 куткаруучу издөө иштерин жүргүзүшкөн.

Издөө бүгүн, 15-майда да уланып, саат 08:35де 14 жаштагы Д.М. аттуу өспүрүмдүн сөөгүн табышкан.

Учурда экинчи бала изделип жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM