Connect with us

Эмгек министрлиги өлкөдө жумушсуздук 0,5%га кыскарганын жарыялады

Кыска кабар | 15 Май 2023 | 304 | 0

Быйыл төрт айдын жыйынтыгы боюнча республикада иш менен камсыз болгондордун саны 2537,9 миң адамды, ал эми жумушсуздардын саны 142,6 миң адамды түздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Ошол эле учурда 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча катталган жумушсуздардын саны 2,5%га, ал эми жалпы жумушсуздуктун деңгээли 0,5%га кыскарган.

Министрликтен белгиленгендей, буга калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча активдүү иш-аракеттеринин арты менен жетишилген.

Республикадагы расмий жумушсуздуктун деңгээли экономикалык активдүү калктын 2,9%ын түздү.

Жумушсуздуктун эң төмөнкү деңгээли Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катталган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM