Биз менен байланышыңыз

Баткен жана Исфара районунун акимдери жолугушту

Кыска кабар | 15 мая 2023 | 183 | 0

Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев жана Тажикстандын Исфара районунун төрагасы Баховаддин Баходурзода жетектеген тийиштүү делегациялардын жолугушуусу болду. Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тараптардын жолугушуусу 14-майда Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Суу бою Кара Бак, Чоркух жамаатынын Чорбог айылдары чектешкен аймакта өткөн. Тараптардын жолугушуусу бир нече саатка созулуп, бир топ маселелер жеринде талкууланган.

Алсак, чек ара, укуктук тартип, макулдашылбаган аймактарда эки тараптуу курулуш иштери, сугат суу, ичүүчү суу, калыбына келтирүү жумуштарына эки тараптуу тоскоолдуктарды жаратпоо, ирригациялык, чарбалык жана күндөлүк жашоодо болуп жаткан маселелер туурасында сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Эки тараптуу делегация буга чейинки окуяларды биргелешип иликтөө, чагымчылдык аракеттердин алдын алуу үчүн чараларды көрүү боюнча макулдашышты.

Андан сырткары, эки элди түрдүү провокациялык чакырыктарга алдырбоо маселелери каралып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен чек аралаш аймактарда эки тараптуу туруктуулукту сактоо жактары сүйлөшүлдү.

Учурда Баткен районунун чек ара аймагында коомдук саясий абал тынч.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM