Connect with us

Орусияда кыргызстандыктардын 8,5 млн сом маяналары төлөндү

Кыска кабар | 13 Май 2023 | 330 | 0

Орусияда кыргызстандыктардын 8,5 млн сом өлчөмүндөгү маяналары төлөнүп берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Министрликтин Москва шаарындагы өкүлчүлүгү 2022-жылдын күз айынан тарта миграция маселелери жана жарандарга мыйзамдуу ишке орношууга көмөк көрсөтүү боюнча иш алып барууда.

Өкүлчүлүк тарабынан 2023-жылдын январь айынан апрелге чейин 2788 кыргыз жаранына Орусиянын миграциялык мыйзамдарынын маселелери боюнча кеп-кеңештер берилген. 172 кайрылуу иш берүүчүлөр тарабынан төлөнбөгөн эмгек акы боюнча болгон. Өкүлчүлүктүн кызматкерлеринин жардамы менен 99 жаранга 8,5 млн сом өлчөмүндө эмгек акы төлөнүп берилди.

Ошондой эле өкүлчүлүк өндүрүштүк жаракат алган эки кыргызстандыкка 1 млн 50 миң рубль өлчөмүндө компенсация төлөп берүүгө жетишти.

Орусиянын аймагындагы иш берүүчүлөр менен байланышты жөнгө салуунун алкагында Кыргызстандын жарандарын ишке орноштуруу боюнча эмгек келишимдерди түзүү үчүн 1235 бош орун аныкталган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM