Биз менен байланышыңыз

Ошто кармалган УКТ мүчөлөрүнөн көп сандаган курал-жарактар табылды

Кыска кабар | 13 мая 2023 | 345 | 0

Ош шаарындагы акча алмаштыруучу жайды карактап, Кара-Суу районунда автоунаага ок чыгарган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалганы тууралуу маалымат бир күн мурда тараган.  Эки учурда тең кылмыш ири өлчөмдөгү акчаны алуу максатында жасалган.

Кармалгандардын арасында Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары бар.

Ички иштер министрлиги билдиргендей, шектүүлөрдүн жашаган жерин тинтүү учурунда көп сандагы ок атуучу куралдар, анын ичинде автоматтар, снайпердик мылтыктар, пулемёттор, тапанчалар, ок-дарылар, гранаталар табылып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Кармалгандардын арасында аялдар да бар. Өзбекстандын жараны, Наманган облусунун тургуну 1987-жылы туулган У.С. Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал бир нече жыл мурда Тажикстан аркылуу өлкөгө кирген. Ал кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн биринин аялы болот. Ал башка бирөөнүн документин колдонуп жүргөн. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ош шаарында жашаган жеринен 37 жаштагы Кыргызстандын жаранынын атына даярдалган паспорт табылган.

Жогорудагы бардык фактылар боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM