Биз менен байланышыңыз

Чолпон-Атада эл аралык туристтик көргөзмө-жарманке өтүүдө

Кыска кабар | 13 мая 2023 | 297 | 0

Бүгүн Чолпон-Ата шаарында Ысык-Көл (Issyk-Kul ITF 2023) эл аралык туристтик көргөзмө-жарманкенин расмий ачылышы өттү.

Жарманке 13-14-май аралыгында Ч.Айтматов атындагы «Рух Ордо» маданий борборунда өтөт.

Issyk-Kul ITF көргөзмөсүнүн жүрүшүндө өлкөнүн жети дубанынын жашоочулары боз үй тигип, өз аймагынын өзгөчөлүгүн айгинелеген кол өнөрчүлүк, аспап, буюм-тайымдарын келген конокторго тартуулоодо.

2016-жылдан бери көл жээгинде өтүп келген жарманкеге бул ирет 90дой туристтик компания, пансионат, конок үй жана туризм чөйрөсүндө иш жүргүзгөн уюмдар катышууда.

Эскерте кетсек, IITF 2022 – бул жыл сайын эл аралык туристтик компаниялардын, туроператорлордун, агенттиктердин, туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик түзүмдөрүнүн, авиакомпаниялардын, эл ташуучу компаниялардын, мейманканалардын жана медиа сектордун өкүлдөрүнүн жолугушуучу жери.

Issyk-Kul ITF – 2022 эл аралык көргөзмө-жарманкесинин максаты — өлкөнүн туризм чөйрөсүн өз калыбына келтирүү жана мындан ары өнүктүрүү, ар кайсы өлкөлөрдүн туристтик бизнестеринин ортосундагы кызматтык байланыштарды түзүү, туризм дараметин эл аралык рынокто илгерилетүү, эс алуу жана ден-соолукту чыңдоо үчүн чет өлкөлүк туристтерди тартуу, ошондой эле Кыргызстандын туризм тармагына инвестиция тартууга көмөктөшүү болуп саналат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM