Connect with us

Өнөр жай продукциясынын көлөмү 4 айда 131 млрд сомду түздү

Кыска кабар | 13 Май 2023 | 160 | 0

Кыргызстанда 2023-жылдын январь-апрелинде өнөр жай продукциясынын көлөмү 131,1 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Бишкектеги брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев билдирди.

Көрсөткүч 2022-жылдын январь-апрелине салыштырмалуу химиялык продукциянын (32 пайызга), текстиль өндүрүшү, кийим жана бут кийим, тери жана булгаары буюмдарын өндүрүүнүн (19,3 пайызга), жыгач жана кагаз буюмдарынын, полиграфиялык ишмердиктин (18,4 пайызга), резина, пластмасса буюмдары жана курулуш материалдарынын (16,3 пайызга), фармацевтикалык продукциялардын (12,9 пайызга), тамак-аш азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамекинин (5,5 пайызга), негизги металлдардын (1 пайызга), ошондой эле пайдалуу кендерди казып алуунун (12,7 пайызга) көлөмүн жогорулатуунун эсебинен 4,6 пайызга көбөйдү.

Курулушта оң тенденциялар байкалды, мында көлөмдүн өсүшү 3,5 пайызды, айыл чарбасында 2 пайызды, дүң жана чекене соодада 16,5 пайызды түздү.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM