Connect with us

Ошто төрт суу кампасынын куруу иштери башталды

Кыска кабар | 13 Май 2023 | 188 | 0

«Ош суу канал» муниципалдык ишканасынын №3-7 насостук станциясында ар биринин жалпы көлөмү 6 миң метр кубду түзгөн төрт суу кампасын куруу иштери башталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жерди бургулоо жана куруу иштери менен Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жеринен таанышып чыкты. Бул багытта аталган ишканага курулуштун сапатын көзөмөлгө алуу, жумушту белгиленген мөөнөттө бүткөрүү талабы коюлду.

Ошондой эле, шаар башчысы курулуш иштеринин натыйжалуулугун жана убактысын үнөмдөө үчүн, төрт кампанын курулушун бир убакта баштоону тапшырды.

Белгилей кетсек, суу кампалары шаардыктарды таза суу менен камсыздоо максатында салынып жатат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM