Биз менен байланышыңыз

«Яндекс» компаниясы аркылуу Орусияда ишке орношуу маселеси талкууланды

Кыска кабар | 12 мая 2023 | 181 | 0

Бүгүн, 11-майда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев «Яндекс» компаниясынын өкүлдөрү: стратегиялык долбоорлор департаментинин директору Петр Диденко жана кызматкерлерди жумушка алуу бөлүмүнүн жетекчиси Наталья Москвитина менен жолугушту.

Жолугушууда негизинен Орусияда кыргызстандыктарды мыйзамдуу ишке орноштуруу, министрлик менен компаниянын ортосундагы узак мөөнөттүү кызматташтык маселелери талкууланды.

«Министрлик тарабынан «иш менен камсыз кылуу» интерактивдүү веб-порталы иштелип чыккан, ал ЕАЭБ өлкөлөрүнүн «чек арасыз иш издөөнүн» автоматташтырылган маалыматтык системасы менен интеграцияланган, бул биздин өлкөдөн тышкары Орусияда, Беларуста, Казакстанда жана Арменияда мыйзамдуу иш издөөгө мүмкүндүк берет. Ушуну менен мекеме мекендештерибиздин мыйзамдуу жумушка орношуусун камсыз кылуу үчүн көптөгөн ири иш берүүчүлөр менен түздөн-түз иштешет. «Яндекс-таксиде» кыргызстандык эмгек мигранттар көп экенин эске алып, биз кызматташууну бекемдөөгө жана кеңейтүүгө кызыкдарбыз. Анын үстүнө кыргызстандыктар өздөрүн жакшы кызматкерлер катары көрсөтүштү. Биз ЖМКларда биздин таксисттердин чынчыл жана жоопкерчиликтүү жүрүм-турумунун мисалдарын көп көрөбүз», — деген Кудайберген Базарбаев.

Компаниянын өкүлдөрү Москва шаарындагы жана Орусиядагы таксопарктарда иштеген мекендештерибиздин ичинен квалификациялуу жана ак ниет айдоочулар көп экенин белгилешти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM