Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда жаштарды тарбиялоого арналган симпозиум өтүп жатат

Кыска кабар | 12 мая 2023 | 311 | 0

Бүгүн Жалал-Абад шаарындагы Ш. Токтоматов атындагы эл аралык университетинде «Инсандын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсү, дене тарбиясы жана жарандык аң-сезими – учурдун өзөктүү маселеси» аттуу XII эл аралык илимий-практикалык симпозиуму өтүп жатат.

Иш-чараны мамлекет башчысынын жарлыгынын негизинде Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту менен «Ыйык Ата Журт» коомдук жаштар фонду уюштурган.

Симпозиумдун негизги максаты тездик менен өнүгүп жаткан ааламдашуу жана санариптешүү доорунда инсандын руханий-адеп-ахлактык дүйнөсүнө, дене маданиятына көңүл буруу, билим берүүнүн жана тарбиялоонун өзөгүн жаңылоо, алдыдагы багыттарды аныктап, өнүгүү стратегияларын талкуулоо жана бул багытта республикадагы педагогикалык кызматкерлердин иш тажрыйбасын жайылтуу болуп саналат.

Жыйынга өлкөнүн бардык аймагынан мектептердин жана жогорку окуу жайлардын мугалимдери катышууда. Ошондой эле Өзбекстандан, Орусиядан жана башка өлкөлөрдөн да илимпоздор, профессорлор келишкен.

Симпозиум педагогика илимдеринин кандидаты, доцент, адабий окуу предметинин негиздөөчүсү Алмазбек Токтомаметовдун педагогдук ишмердигинин 40 жылдыгына жана 60 жаш мааракесине арналган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM