Биз менен байланышыңыз

Президент ШКУнун башкатчысын кабыл алды

Кыска кабар | 11 мая 2023 | 119 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-майда, Шанхай Кызматташтык Уюмунун башкы катчысы Чжан Минди кабыл алды.

Анда ШКУнун алкагында кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары, Уюмга мүчө өлкөлөрдүн аймактык коопсуздукту камсыз кылуу, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу болду.

Президент Садыр Жапаров ШКУнун Эл аралык Ысык-Көл марафонуна колдоо көрсөтүп, катышканы үчүн ыраазычылык билдирип, мындай спорттук иш-чараларды өткөрүү эл ортосундагы достукту чыңдоого, ошондой эле ШКУнун эл аралык аренада позициясын көрсөтүүгө чоң салым кошуп жатканын белгиледи.

Мамлекет башчысы Кыргызстан ШКУга катышуусуна өзгөчө маани берерин жана Уюмга мүчө мамлекеттер менен кызматташуунун бардык чөйрөсүндө мындан ары да кызматташууну тереңдетүүгө даяр экенин белгиледи.

Ошону менен бирге Садыр Жапаров киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча биргелешкен чараларды күчөтүүнү, ошондой эле эл аралык маалыматтык коопсуздук чөйрөсүндө кабыл алынган документтерди практика жүзүндө ишке ашырууну белгиледи. ШКУнун алкагында кызматташуунун негизги артыкчылыктары катары Кыргызстан бардык жетишилген макулдашууларды, ошондой эле кол коюлган документтерди практика  жүзүндө ишке ашырууну карайт.

Мындан тышкары Мамлекет башчысы натыйжалуу финансылык механизмдерди түзүү процессин улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи, атап айтканда, сөз экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу максатында ШКУнун өнүктүрүү банкын жана ШКУнун өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө болуп жатат. Ошондой эле транспорттун бардык түрү менен ташуунун сапатын жогорулатуу боюнча биргелешкен иштерди улантуу зарыл. Бул багытта «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун тез арада практикалык ишке ашыруу абдан маанилүү деп эсептелинет.

ШКУну реформалоо маселесине токтолуп, Президент ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин «ШКУнун ишмердүүлүгүн өркүндөтүү жөнүндө» чечимин ишке ашыруу максатында Уюмга мүчө-мамлекеттер тарабынан Уюмду андан ары реформалоо сунуштарын иштеп чыгууга киришкендигин белгиледи.

ШКУнун Башкы катчысы Чжан Мин кыргыз тарапка жылуу кабыл алуу жана эл аралык спорттук аренада абдан популярдуу болгон ШКУнун Эл аралык Ысык-Көл марафонуна катышуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.Ошону менен бирге Чжан Мин Катчылык ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын чечимдерин ишке ашырууга көмөктөшүү жана координациялоо боюнча аракеттерин уланта бере тургандыгына ишендирди.

Тараптар ШКУнун ишмердүүлүгүнүн бардык негизги аспектилери жана анын келечектүү багыттары боюнча ШКУнун алкагында жемиштүү кызматташууну мындан ары да чыңдоого үмүт артышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM