Биз менен байланышыңыз

Психотроптук заттарды саткан интернет-дүкөндүн уюштуруучусу кармалды (видео)

Кыска кабар | 11 мая 2023 | 419 | 0

Бишкекте психотроптук заттарды саткан интернет-дүкөндүн уюштуруучусу кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, «В» аталышындагы интернет дүкөн Telegram мобилдик тиркемесинде кардарлар менен кат алышуу аркылуу баңги жана психотроптук заттарды Бишкек шаарынын аймагында жашыруун жерлер аркылуу сатып жүргөн. Telegramда «В» онлайн дүкөнүнүн миңден ашык катталуучусу болгон.

Ыкчам-тергөө иш-чаралардын алкагында, Бишкектин аймагында 24 жаштагы М.А., аттуу жаран кармалды. Ал интернет-дүкөндүн уюштуруучусу, оператору жана курьер да болгону аныкталды.

Тергөө аракеттеринин жүрүшүндө кармалган жигит өз ыктыяры менен Бишкек шаарынын аймагындагы психотроптук заттар салынган жашыруун жерлердин даректерин көрсөткөн.

Жүргүзүлгөн соттук-химиялык экспертизага ылайык, жашыруун жерлерден алынган психотроптук заттар “метамфетамин” психотроптук зат экени аныкталган.

Кармалган адам милициянын убактылуу кармоо жайына киргизилген. Учурда кошумча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM