Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда жаңы банкноттор жүгүртүүгө чыгарылды

Кыска кабар | 10 мая 2023 | 223 | 0

Бүгүн, 10-майда Улуттук банк улуттук валюта кабыл алынганынын 30 жылдыгына карата 200, 500 жана 1000 сомдуктардын бешинчи сериясын жүгүртүүгө чыгарды.

Улуттук валютанын жаңы сериясында Кыргызстандын тарыхый жана маданий мурасы чагылдырылган сюжеттеринин негизги темасы өзгөргөн эмес. Банкноттордун алдыңкы бетинде искусство жана маданият өкүлдөрүнүн портреттери, ал эми арткы бетинде өлкөнүн кооз табияты берилген. Банкноттордун негизги түсү жана өлчөмү да ошол бойдон калган.

Улуттук валютанын бардык банкноту чыгарылган жылына карабастан, Кыргызстандын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ жана ал милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш.

Кыргыз сому өлкөнүн экономикалык туруктуулугунун эң маанилүү көрсөткүчү болуп саналат, анын ишенимдүү колдонулушу, сатып алуу жөндөмдүүлүгү жана баасынын туруктуулугу 30 жылдан бери тастыкталып келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM