Биз менен байланышыңыз

Чолпон-Атада эл аралык туристтик көргөзмө-жарманке өтөт

Кыска кабар | 10 мая 2023 | 173 | 0

Чолпон-Ата шаарында 13-майда Issyk-Kul ITF-2023 эл аралык ири туристтик көргөзмө-жарманкеси өтөт. Анын алкагында 2023-жылкы жайкы туристтик сезондун ачылышы болот.

Туризм департаменти кабарлагандай, иш-чаранын алкагында Ч.Айтматов атындагы «Рух Ордо» комплексинде туристтик компаниялар, пансионаттар, конок үйлөрү жана туризм чөйрөсүндө иш жүргүзгөн уюмдар өз товарларын жана кызмат көрсөтүүлөрү менен тааныштырышат.

Ошондой эле коноктор этно оюндарга, кол өнөрчүлөрдүн мастер класстарына катышып, маданий программаны көрө алышат.

Көргөзмө-жарманкенин максаты өлкөнүн туризм чөйрөсүн өнүктүрүү, өлкөлөрдүн туристтик бизнестеринин ортосундагы кызматтык байланыштарды түзүү, туризм дараметин эл аралык рынокто илгерилетүү, эс алуу жана ден соолукту чыңдоо үчүн чет өлкөлүк туристтерди тартуу, ошондой эле Кыргызстандын туризм тармагына инвестиция тартууга көмөктөшүү болуп саналат.

IITF-2023 – бул жыл сайын эл аралык туристтик компаниялардын, туроператорлордун, агенттиктердин, туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик түзүмдөрдүн, авиакомпаниялардын, жүргүнчү компаниялардын, мейманканалардын жана медиа сектордун өкүлдөрүнүн жолугушуучу жайы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM