Биз менен байланышыңыз

Жапаров банктык кызматтардын сапатын жакшыртуу керектигин айтты

Кыска кабар | 10 мая 2023 | 187 | 0

Президент Садыр Жапаров 10-май банк кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Быйыл улуттук валюта – кыргыз сомунун колдонууга киргизилишинин 30 жылдыгы белгиленүүдө. 1993-жылы советтик мезгилден кийинки өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан биринчилерден болуп улуттук валютаны жүгүртүүгө чыгарып, өз алдынча акча-кредиттик саясат жүргүзүүгө өткөн.

Улуттук валютаны киргизүү эгемен Кыргызстандын тарыхында маанилүү роль ойногон, улуттук төлөм жана банк тутумдарынын калыптанышына жана өнүгүшүнө негиз болгон.

Садыр Жапаров банк тутумунун алдында инновациялык банктык өнүмдөрдү жана технологияларды киргизүү, банктык кызматтардын сапатын жакшыртуу жана аны калк арасында жайылтуу, туруктуу каржылоо принциптерин киргизүү, киберкоопсуздукту жогорулатуу милдеттери турарын айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM