Биз менен байланышыңыз

Баткенде ишкерлерге берилген 15 млн сомдук кредит кечирилет

Кыска кабар | 10 мая 2023 | 161 | 0

Бүгүн, 10-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын натыйжасында жабыр тарткан Баткен облусунун ишкерлерине берилген бюджеттик кредиттерди эсептен чыгаруу жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.

Жыйында баяндама жасаган Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Айсара Абдибаева белгилегендей, мыйзам долбоору Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык мурда бөлүнгөн 15 млн сомдук бюджеттик кредитти эсептен чыгаруу максатында иштелип чыккан.

Талкуу маалында депутат Адахан Мадумаров карыздарын кечүү сунушталып жаткан ишкерлер кайсы багыттарда адистешкенин, аларга көрсөтүлүп жаткан жардамдын даректүүлүгүнө кызыкты.

Буга финансы министринин орун басары Улугбек Календеров чек арадагы жаңжалда жабыркаган 75 ишкерге 200 миң сомдон берилген кредитти кечүү сунушталганын маалымдап, аталган ишкерлер соода, коомдук тамактануу жана башка чакан ишканаларда иштегенин кошумчалады.

Ал эми депутат Сүйүнбек Өмүрзаков 15 млн жабыркаган ишкерге олуттуу колдоо көрсөтүү үчүн өтө аз сумма экенин айтып, бул долбоорго кирбей калган ишкерлердин арыздарын карап чыгууну өтүндү.

Министрдин орун басары буга макул болуп, бул карызды жоюу гана экенин, мындан тышкары ишкерлерди колдоо боюнча да башка программалар иштелип жатканын кошумчалады.

Андан тышкары депутаттар Улугбек Ормонов, Марат Мураталиев бөлүнгөн каражаттарды өз мезгилинде өздөштүрбөгөнү үчүн жетекчилердин жоопкерчилиги тууралуу маселени көтөрүп, бул чоң көйгөйгө айланып баратканын жүйө келтиришти.

Эл өкүлү Исхак Масалиев бул маселе боюнча мыйзам демилгелөөнүн максатка ылайыктуулугуна көңүл буруп, аны Министрлер кабинети өз токтому менен чече аларын белгиледи.

Депутат Надира Нарматова жабыркаган ишкерлердин арасында аларды тандап алуу тартиби боюнча нааразычылыктар бар экенин белгилеп, теңсиздикти жоюу жана бизнесмендердин материалдык-техникалык жоготууларын эске алуу менен критерийлерди кайра карап чыгууну сунуштады.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM