Ош шаарынын сейил бактарында Жеңиш күнүнө карата спорттук мелдештер өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, Жеңиш күнүнө карата Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан Токтогул Сатылганов, Алишер Навои атындагы сейил бактарында аркан тартыш, ордо, тогуз коргоол, шахмат, стол тенниси боюнча мелдештер уюштурулган.
Спорттук иш-чараларга 250дөн ашык адам катышкан.
Мелдештин жеңүүчүлөрү акчалай сыйлыктар жана баалуу белектер менен сыйланышкан.