Чоң-Чүй каналына түшүп кеткен 6 жашар баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2017-жылы туулган Ш.С. аттуу бала Военно-Антоновка айылында каналга 8-май түшүп кеткен.
Издөө иштерине жалпысынан 16 куткаруучу, ИИМдин 2 кызматкери, туугандарынан 25 адам тартылган.
Изделип жаткан баланын сөөгү жергиликтүү тургундар тарабынан бүгүн саат 9:30да табылып, туугандарына өткөрүп берилген.