Connect with us

Президент кыргызстандыктарды Жеңиш күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 9 Май 2023 | 210 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-майда, кыргызстандыктарды Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысы өз куттуктоосунда Улуу Ата Мекендик согуш өлкө тарыхында эс тутумубуздан эч качан өчпөй турган орчундуу окуялардын бири экендигин белгилеген.

«Кыргызстан Улуу Жеңишке жетүүгө чынында чоң салым кошкон: оорук эмгекчилери майданды ок-дары, азык-түлүк, кийим-кече, ал эми коргоо ɵндүрүшүн стратегиялык чийки зат менен үзгүлтүксүз камсыздап турган, ал эми Фрунзе жɵɵ аскерлер окуу жайы болсо офицердик кадрларды даярдаган.

Улуу Ата Мекендик согуштагы кыргызстандык жоокер уул-кыздардын эрдиктери татыктуу бааланды. Фашисттик баскынчылар менен болгон кандуу кагылыштарда тайманбастыгы, баатырдыгы үчүн жүз элүү миңден ашуун командирлер жана жоокерлер орден-медалдар менен сыйланган, жыйырма бир кыргызстандыкка «Даңк» орденинин толук кавалери, ал эми жетимиштен ашуун биздин жараныбызга эң жогорку Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган. Чолпонбай Түлөбердиев, Исмайылбек Таранчиев, Калыйнур Үсөнбеков жана башка баатырлардын эрдиги эч качан унутулбайт!», — деп айтылат куттуктоодо.

Президент ошондой эле Улуу Жеңиштин сабактары Ата Журттун алдында ар бир жарандын чоң жоопкерчилиги жөнүндө ар дайым эскертип турарын белгилеген.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM