Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Жеңиш майрамы кандай белгиленет? (иш-чаралар программасы)

Кыска кабар | 8 мая 2023 | 320 | 0

Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 78 жылдыгына арналган салтанат өтөт. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Мэрия иш-чаралардын программасын жарыялады.

9-майда саат 09:00 Түштүк дарбазадан «Өлбөс полк-Кыргызстан» акциясы башталат. Марштын катышуучулары төмөнкү маршрут боюнча жүрүшөт: Түштүк дарбаза – Абдрахманов-Фрунзе көчөлөрү — Жеңиш аянты.

Ошондой эле иш-чаралар борбордун бардык райондорунда уюштурулат.

Ленин району:

8-майда саат 10:00дө Жаш Гвардия бульварында жайгашкан Баатырлар аллеясында курман болгон жоокерлердин эстелигине митинг-реквием жана гүл чамбарларды коюу өткөрүлөт.

9-майда район башчысы ардагерлерди үйүндө зыярат кылат.

Октябрь району:

9-майда саат 18:00дө “Ынтымак-2” сейил багында шаардыктар үчүн “Жеңиш ырлары” аттуу концерт даярдалат.

Биринчи май району:

2023-жылдын 1-майынан 5-майына чейин №29 МГ спорт комплексинин базасында Жеңиш күнүнүн мааракесин майрамдоого арналган «Жеңиш кубогу» жылдык спорттук турнири өткөрүлүүдө. Турнирге Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин  балдары, Казакстандын, Өзбекстандын жана Кыргызстандын курама командалары катышат.

8-майда саат 10:00дө Боордош көрүстөндө 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгына арналган митинг-реквием өтөт.

9-майда саат 12:00дө Кыргызстан элинин ассамблеясынын алдындагы аянтчада «Гармония» АК борбору майрамдык концерт өткөрөт.

Свердлов району:

4-майда саат 13:00дө «Красный строитель» конушунун «Аул паркында» Улуу Ата Мекендик согуштун эстелигине гүл коюу иш-чарасы болот.

Борбор калаанын мэриясы шаар тургундарын келе жаткан Жеңиш майрамы менен куттуктап, иш-чараларга катышууга чакырат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM