Биз менен байланышыңыз

Ржевде кыргызстандык жоокерлерге арналган мемориал ачылды

Кыска кабар | 8 мая 2023 | 191 | 0

Кечээ, 7-майда Ржев шаарында, Орусияга жасаган расмий сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согушта Ржев-Вяземск багытындагы салгылашууларда курман болгон кыргызстандык жоокерлерге арналган мемориалды ачты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Президент Садыр Жапаров жана Орусиянын Мамлекеттик Думасынын Федералдык Жыйынынын төрагасы Вячеслав Володин мемориалга гүл коюп, курман болгон жоокерлердин элесин бир мүнөттүк унчукпай туруу менен эскеришти.

Мөңгү баскан Ала-Тоонун үч чокусу түрүндөгү төрт метрлик эстелик Кыргыз ССРинде туулуп, Ржев салгылашында курман болгон Кызыл Армиянын жоокерлеринин урматына тургузулган.

Ржев жерине мемориал орнотуу демилгеси кыргыз тарапка таандык жана аны орус тарап колдоого алган. Мемориалдын курулушуна кеткен чыгым Кыргызстандын элдик каражатынан да сарпталган.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө бул шаарга келиши Улуу Ата Мекендик согушта баатырларча курман болгон кыргызстандык мекендештерге арналган мемориалдык эстеликтин ачылышына байланыштуу экенин белгиледи. Дал ушул жерде 1945-жылдын майындагы жалпы Жеңиштин өзөгү калыптанып, ширетилген эң ири жана кандуу салгылашуулар орун алган.

«Биздин эр жүрөк кыргызстандык жоокерлерибиз, каардуу жана кара мүртөз душманга каршы жан аябастан эр жүрөктүк менен салгылашып, өз Мекенин коргоп калышкан. Согуштун оор деми тийбеген үй-бүлө жок. 9-май Кыргызстанда ар дайым болгон, бар жана боло берет, анткени Эстөө – баарыбыз үчүн бир жана ыйык. Анын кандайдыр бир чеги же улуту болбойт, ошондой эле кандайдыр бир факторлорго көз каранды болбошу керек», — деп белгиледи президент.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM