Биз менен байланышыңыз

Бүгүн радио жана байланыш кызматкерлеринин эл аралык күнү

Кыска кабар | 7 мая 2023 | 171 | 0

Бүгүн, 7-май — Кыргызстандын байланыш тармагынын жана радио кызматкерлеринин күнү. Бул майрам 1895-жылдын 7-майында орус физиги Александр Попов дүйнөдө биринчи радиоприемникти дүйнө коомчулугуна жарыя кылгандан кийин түзүлгөн.

XX кылымда маалымат каражаттарынын ичинен радио өзгөчө орунду ээлеп келсе, XXI кылымда интернеттин, заманбап технологиялардын өнүгүшү менен бул каражат өзүнүн актуалдуулугун жоготуп бараткан сыяктуу.

«Марал» радиосу 2012-жылдын январынан тарта эфирге чыга баштаган. Алгач 2 облустан, 2017-жылы 7 облуска тең жеткиликтүү болгон. Шарттуу түрдө 2 млн 500 миң адамга жеткиликтүү деп саналып, 24 саат бою үзгүлтүксүз эфирге чыгып келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM