Кыргызстанда 2022-жылы балык өндүрүү эки эсе өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен кабарлашты.
Министрликтин маалыматына караганда, 2021-жылы балык өндүрүү 10344,2 тоннаны, былтыр 20729 тоннаны түздү.
Балык жана балык азыктарын экспорттоо 2021-жылы 5183 тоннаны, 2022-жылы 6871 тоннаны түздү.
Буга чейин Россельхознадзор Кыргызстандын Ветеринардык кызматына 2023-жылдын 16-февралынан тартып россиялык алуучуларга бардык балык ишканаларынан форель жана форель икраларын сертификациялоону токтотуу өтүнүчү менен кайрылган.
Бул маселе боюнча айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков 13-апрелде билдирүү жасап, текшерүүдөн өткөн бардык ишкана бир жуманын ичинде балык экспортун жанданта аларын маалымдаган.
Орусияга балык экспорттоо токтогондон бери кыргызстандык ишкерлер 4 млрд сомго жакын чыгымга учураганын 4-майда өткөн балык багуучулардын биринчи курултайында Балыкчылар ассоциациясынын төрагасы Урмат Жумалиев айтты.