Биз менен байланышыңыз

Казакстан Бишкек-Нарын жолунун жээгин эмне себептен тосуп жатканы айтылды

Кыска кабар | 6 мая 2023 | 3138 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы Казакстанга караштуу 800 метрге жакын транзиттик тилкеге казак тарап инженердик тосмолорду орнотуп жатат. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, казак тарап буга чейин транзиттик жолдун тилкесине спираль түрүндөгү убактылуу көчмө тосмо коюшкан. Ал боюнча 4-майда эки тараптуу макулдашуу жүргөн.

Учурда «Азия» жана «Достык» май куюучу станцияларына жол жабык. Бирок транзиттик жол мурдагыдай эле ачык.

Жолдун Кыргызстандан кирген тараптарына кошумча белгилер коюлуп, өтүү эрежелери жазылган такталар орнотулган.

Чек ара кызматы айдоочуларды бул тилкеден токтобой өтүүгө, жүргүнчүлөрдү же жүктөрдү түшүрбөөгө, салбоого чакырат. Бул эреже бузулган учурда Казакстандын мыйзамынын негизинде айып пул салынарын эскертет.

Айта кетсек, социалдык тармактарга Бишкек-Нарын-Торугарт кан жолунун түштүк тарабын казактар зым менен тосуп жатканы боюнча видео тараган. Жергиликтүү тургундар Казакстан чек араны мыйзамсыз кесип өткөнүн айтышып, нааразычылык билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM