Биз менен байланышыңыз

Ош шаарына Москвадан «Эстелик от» алып келишти (сүрөт, видео)

Кыска кабар | 6 мая 2023 | 207 | 0

Ош шаарына Москва шаарынан «Өчпөс оттун» бөлүкчөсүн алып келишти. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

«Эскерүү от» Кремлдин дубалындагы белгисиз жоокердин мүрзөсүндө күйгөн оттон алынган. Аны Ош шаарына Бүткүл орусиялык «Элдик фронт» коомдук кыймылынын борбордук штабынын мүчөлөрү, теле алып баруучу Юлия Барановская жана блогер Екатерина Шугаева жеткирип келишкен.

Аны жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, Орусиянын Оштогу башкы консулдугунун, Орус үйүнүн, орус кызматташтыгынын өкүлдөрү тосуп алган.

Бүгүн, 6-майда эл аралык акциянын алкагында Ош шаарындагы «Өчпөс от» мемориалдык комплексинин алдында митинг-реквием өтүп, мемориалга от жагылган. От жагууга Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Касымбай Жолдошов жана башка тиешелүү тараптар катышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM