Биз менен байланышыңыз

Ош шаарында индус студент кабат үйдөн кулап каза тапты

Кыска кабар | 6 мая 2023 | 134 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Ошто индус студент көп кабаттуу үйдүн 6-кабатынан кулап каза тапты. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.

Кырсык кечээ, 5-майда болжол менен саат 16:00 чамасында Курманжан Датка кичи району тарапта катталган. 2001-жылы туулган Индиянын жараны О.Ч. ОшМУнун медицина факультетинин 4-курсунда окуп жаткан.

Батирде чогуу жашаган 5 эркек, 3 кыз мекендеши да болгон. Алар эч кандай спирт ичимдигин ичишкен эмес. Күбө катары суракка алганда кантип кулаганын байкабай калышканын айтышкан.

Учурда тиешелүү экспертиза дайындалып, кошуналары, башка курсташтары, мугалимдери да суракка алынып, кырсыктын себебин аныктоо иштери жүрүп жатканы айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM