Биз менен байланышыңыз

Улуу Британияда падышаны такка отургузуу салтанаты өтүп жатат

Дүйнө , Кыска кабар | 6 мая 2023 | 268 | 0

Улуу Британия мамлекетинде падыша Чарльз IIIнү такка отургузуу салтанаты өтүп жатат. Салтанатты бир катар телеканалдар түз алып берүүдө.

Салтанат беш саатча мурдараак Букингем сарайында башталган. Учурда Вестминстер чиркөөсүндө уланууда. Падышаны жана анын жубайын 200гө жакын аскер кызматкери коштоп жүрөт. Андан тышкары бир нече миң аскер сарай менен чиркөөнүн ортосунда көчө болуп тизилип турат.

Такка отургузуу жөрөлгөсүнө 200гө жакын мамлекеттен эки миңден ашуун өкүл чакырылган. Бүгүн падышанын жубайы Камилла да ханыша-консорт тактысына отурат.

1953-жылы такка отурган Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II былтыр 8-сентябрда көз жумган. Мамлекеттин мыйзамы боюнча падышалык анын мураскору 72 жаштагы Чарльз IIIгө өткөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM