Connect with us

Путин кыргызстандыктарды Жеңиштин 78 жылдыгы менен куттуктады

Кыска кабар | 6 Май 2023 | 268 | 0

Орусиянын президенти Владимир Путин Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгы менен куттуктады.

«Сизди Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Орусияда жана Кыргызстанда согуш талааларында баскынчыларга каршы тайманбастык менен салгылашкан аталарыбыздын, чоң аталарыбыздын даңктуу эрдиктери, курмандыктары, ооруктагы талыкпаган эмгектери жөнүндөгү эскерүүлөр ыйык тутулат. Улуу Жеңиштин жалпы руханий мурасы бүгүнкү күндө мамлекеттерибиздин ортосундагы союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүү үчүн ишенимдүү негиз бойдон калып жатканы маанилүү», — деп айтылган Путиндин куттуктоосунда.

Владимир Путин өлкөдө жашап жаткан Улуу Ата Мекендик согуштун бардык ардагерлерине чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорун жана терең ыраазычылык сөздөрүн айтып, аларга чың ден соолук, жакшы маанай жана узун өмүр каалаган. 

Айта кетсек, 8-майда Садыр Жапаров Жеңиштин 78 жылдыгына карата Москва шаарына барат.

Песков: Путин менен Жапаровдун кездешүүсүнө даярдык көрүлүүдө

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM