Биз менен байланышыңыз

Басма сөз катчы: Шакиев Бакиев тууралуу кайрылуу жөнөткөн эмес

Кыска кабар | 6 мая 2023 | 267 | 0
Жогорку Кеңештин имараты

Эки күндөн бери социалдык тармактарга тарап жаткан Нурланбек Шакиевдин «каты» туурасында Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Алтынбек Деркембаев билдирүү жасады.

«Айрым маалымат каражаттарына жана интернеттеги баракчаларда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев тарабынан фракция лидери кезинде жазылды деген жалган каттын сүрөтү тароодо. Каттын номери, андагы Курманбек Бакиев тууралуу айтылган сунуштар жана аягында коюлган кол дагы жасалма экенин белгилейбиз. Айрыкча, чыгыш номуру 6-6651/22 болгон кат эч кандай базада жок. Тилекке каршы, технологиянын өнүккөн мүмкүнчүлүктөрүн туура эмес багытта пайдаланып, жасалма документтерди жасоо жана жашыруун булактар аркылуу жалган маалыматтарды таратуу адатка айланганы өкүндүрөт. Андыктан Төраганын атын жаман аттуу кылуу максатында ушундай жалган маалыматтарды таратып, коомчулукту дүрбөлөңгө салуудан карманууга чакырабыз», — деп жазылган билдирүүдө.

Айта кетсек, кечээ социалдык тармактарда «Нурланбек Шакиев «Ата журт-Кыргызстан» парламенттик фракциясынын лидери кезинде башкы прокурор Курманкул Зулушевге мурдагы президент Курманбек Бакиевди актап берүү өтүнүчү менен кайрылган» кат жарыяланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM