Биз менен байланышыңыз

Президент Садыр Жапаров 3-4-июлда Индияга барат

Кыска кабар | 6 мая 2023 | 180 | 0

Президент Садыр Жапаров 3-4-июлда Индияга иш сапары менен барат. Бул маалымат Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Индиянын тышкы иштер менен Субрахманям Жайшанкардын жолугушуусунда айтылды.

Белгилүү болгондой, айтылган күндөрү Индиянын Нью-Дели шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммити болот. Ага Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров да катышат.

Айта кетсек, Жээнбек Кулубаев кечээ, 5-майда ШКУга мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлеринин кеңешине катышуу үчүн Индиянын Панажи шаарына барган. Анда Кыргызстандын тышкы иштер министри бир катар жекече жолугушууларды да өткөргөн.

Кыргызстан менен Индиянын тышкы иштер министрлери сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз-индус кызматташтыгын талкуулап, саясий, соода-экономикалык, аскердик-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө жигердүү кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө эки тарап тең кызыкдар экенин айтышкан.

Жээнбек Кулубаев айрыкча фармацевтика, айыл чарба, медициналык туризм, индус студенттерди Кыргызстанда окутуу, банктар аралык кызматташуу, гранттык долбоорлорду, кредиттик линияны ишке ашыруу, Кыргызстанга Индиянын ооруканаларын ачуу маселелерине токтолуп өткөн.

Андан тышкары коопсуздук маселелери, аймактык коркунучтарга биргелешип каршы туруу, коопсуздук боюнча маалымат алмашуу сүйлөшүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM