Биз менен байланышыңыз

Бишкекте 9-май — Жеңиш күнү кандай белгиленет?

Кыска кабар | 6 мая 2023 | 225 | 0
Архивдик сүрөт

Бишкек мэриясы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгы борбордо кандай белгиленери тууралуу маалымат жарыялады.

9-майда саат 9:00дөн тарта Түштүк дарбаза-Абдрахманов-Фрунзе көчөлөрү-Жеңиш аянты багыты аркылуу «Өлбөс полк» жүрүшү өтөт. Жүрүшкө катышууну каалагандар 8:00-9:00 аралыгында Түштүк дарбазага келүүгө тийиш. Иш-чараны «Өлбөс полк-Кыргызстан» кыймылы, Коргоо министрлиги, Бишкек мэриясы биргеликте уюштуруп жатат.

Ушул эле күнү Бишкек гарнизонунун аскерлери Чүй проспекти менен согуш жылдарындагы ырларды аткарып, жөө жүрүш жасашат. Андан соң «Өлбөс полктун» катышуучулары менен биргеликте «Өчпөс отко» гүл коюу, митинг-реквием өтүп, Коргоо министрлиги ардагерлерге «аскер боткосун» таратат. Ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы аскер техникаларын чагылдырган тематикалык экспозиция көрсөтүлөт.

Ленин районунда 8-майда саат 10:00дө Жаш Гвардия бульварында жайгашкан Баатырлар аллеясында курман болгон жоокерлердин эстелигине гүлчамбар коюу, митинг-реквием болот. 9-майда район башчысы ардагерлерди үйүндө зыярат кылат.

Октябрь районунда 9-майда саат 18:00дө «Ынтымак-2» сейил багында «Жеңиш ырлары» концерти болот.

Биринчи Май районунда 8-майда саат 10:00дө «Боордоштор» көрүстөнүндө митинг-реквием өтөт. 9-майда саат 12:00дө Кыргызстан элинин ассамблеясынын алдындагы аянтчада «Гармония» АК борбору майрамдык концерт тартуулайт.

Андан тышкары Бишкек шаарына гастроль-турнеге келген К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук драма театры 9-майда саат 18:30да Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын сахнасында Чыңгыз Айтматовдун «Эрте келген турналар» спектаклин коёт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM