Биз менен байланышыңыз

ӨКМ: Ак-Талаа районундагы жайлоого кеткен жолдор тазаланууда

Кыска кабар | 6 мая 2023 | 297 | 0

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы жайлоого кеткен жолдор тазаланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

4-майда жааган кардан Орто-Сырт жайлоосуна кеткен жолду күрткү басып калган.

Жабылган жолду ачуу үчүн, бүгүн эртең мененки 8дер чамасында 4 куткаруучу жөнөп кеткен.

Айта кетсек, 2-майда жааган кардан Ак-Талаадагы Мелис ашуусу жабылып калып, Орто-Сырт жайлоосундагы алты чабан жардамсыз калган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 3-майда райондук акимиаттын жардамы менен 100 түк чөп жеткирилгенин, абал турукташканын кабарлаган.

4-майда жааган кардан Ат-Башы районунда «өзгөчө кырдаал» жарыяланып, ал кечээ, 5-майда кайра алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM