Биз менен байланышыңыз

Футбол: Жапаровдун командасы ФИФАнын командасын утуп алды (фото)

Кыска кабар , Спорт | 6 мая 2023 | 302 | 0

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) Президенти Жанни Инфантино Бишкек шаарында жолдоштук беттеш өткөрүштү.

ФИФАнын командасынын курамында уюмдун түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери, анын ичинде 1998-жылдагы дүйнө чемпиону жана Франция курамасынын курамында 2000-жылдагы Европа чемпиону Юрий Жоркаефф да ойноду.

Президенттин командасында Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери, Президенттин администрациясынын кызматкерлери ойношту.

Жыйынтыгында Садыр Жапаровдун командасы жеңишке жетти.

Соңунда Жанни Инфантино Садыр Жапаровго ФИФАнын энчилүү футбол формасын белекке берди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM