Биз менен байланышыңыз

Кыргыз футбол союзунун жаңы кеңсесинин ачылышы болду (фото)

Кыска кабар , Спорт | 6 мая 2023 | 328 | 0

Президент Садыр Жапаров менен Эл аралык футбол федерациясынын президенти Жанни Инфантино Бишкек шаарындагы Кыргыз футбол союзунун жаңы административдик кеңсесин ачышты.

Төрт кабаттуу имарат ФИФАнын Форвард (FIFA Forward) программасынын алкагында салынып, заманбап жабдуулар менен жабдылган.

Жаңы кеңсенин ачылышында сүйлөгөн сөзүндө мамлекет башчысы ФИФАнын кыргыз футболунун өнүгүшүнө кошкон салымын белгилеп, спорттук инфраструктураны жакшыртууга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Садыр Жапаров көпчүлүк кыргызстандыктар сыяктуу эле спорттун бардык түрүнөн футбол ага абдан жакындыгын, буга байланыштуу ата мекендик футболду өнүктүрүү боюнча демилгелерге абдан ынтызарлыгын, өлкөнүн ФИФАнын долбоорлоруна активдүү катышуусуна кызыкдар экенин белгиледи.

Соңунда Президент Садыр Жапаров ата мекендик футболчуларга алдыдагы беттештерде жеңиштерди жана Кыргыз футбол союзуна жемиштүү иштөөнү каалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM