Биз менен байланышыңыз

Оштун милициясы чет өлкөлүк жарандын акчасын, буюмдарын таап берди (видео)

Кыска кабар | 5 мая 2023 | 189 | 0

Ош шаардык милициясынын кызматкерлери чет өлкөлүк жарандын жоготкон буюмдарын, акчасын таап берди. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Айта кетсек, 2-майда Ирландия мамлекетинен келген 56 жаштагы Жоннес Попж Ош шаардык ички иштер бөлүмүнө арыз таштаган. Арызда троллейбуска баштыгын унутуп кеткени, ичинде жылуу кийимдери, ири суммадагы сом, евро, доллар, тенге, юань акчалары, эки паспорту, айдоочулук күбөлүгү, банк карталары болгону жазылган.

Бул боюнча Кайгуул кызматы таап алган адамдар болсо, кайтарып берүүсүн өтүнгөн видеокайрылуу жолдогон.

Натыйжада 4-майда жоголгон баштык табылып, ээсине кайтарылган. Жоннес Попж бардык буюмдары, акчасы түгөл экенин айтып, милицияга ыраазычылык билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM