Биз менен байланышыңыз

Нарында Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 100 миң сомдон берилди

Кыска кабар | 5 мая 2023 | 166 | 0

Жеңиштин 78 жылдыгына карата Нарын облусундагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине Президенттин атынан 100 миң сомдон белек берилди. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүк кабарлады.

Өлкө башчынын майрамдык жардамын Президенттин Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешов жеткирип, ардагерлерди майрамы менен куттуктады.

Нарын облусунда согуштун 3 ардагери калган: Ат-Башы районунун Ат-Башы айылында 98 жаштагы Сатынды Жапаров, Кара-Суу айылында 98 жаштагы Тапа Керимкулов, Нарын шаарында 101 жаштагы Тукеш Токтомушов.

Айта кетсек, президент Садыр Жапаров ушул жылдын 10-апрелинде Жеңиштин 78 жылдыгына карата Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 100 миң сомдон бир жолку жардам берүү боюнча тескемеге кол койгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM