Биз менен байланышыңыз

Анкарада Орусия менен Украинанын өкүлдөрү мушташты (видео)

Дүйнө , Кыска кабар | 5 мая 2023 | 494 | 0
Видеодон кесилип алынган сүрөт

Түркиянын борбору Анкара шаарында өтүп жаткан Кара деңиз Экономикалык Кызматташтык Уюмунун парламенттик ассамблеясынын саммитинде Орусия менен Украинанын расмий өкүлдөрү мушташа кетти. Бул тууралуу айрым маалымат булактары жазып, мушташтын видеосун жарыялашты.

Мушташ Орусия Мамлекеттик Думасынын депутаты Ольга Тимофеева журналисттерге маалымат берип жатканда чыккан. Ольга Тимофееванын артына өтө калган Украина Жогорку Радасынын депутаты Александр Мариковский өз өлкөсүнүн желегин булгалап, Украинаны колдоосун өтүнгөн ураан чакырган.

Четте көз салып турган Орусия парламентинин эл аралык бөлүмүнүн кызматкери желекти жулуп алып, басып кеткен. Артынан барган Украинанын депутаты Орусиянын өкүлүн муштап жиберген.

Кара деңиз Экономикалык Кызматташтык Уюмунун парламенттик ассамблеясы 1993-жылы түзүлгөн. Ага Азербайжан, Албания, Армения, Болгария, Греция, Грузия, Молдова, Орусия, Румыния, Түндүк Македония, Сербия, Түркия, Украина мамлекеттери мүчө болуп кирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM