Биз менен байланышыңыз

Орусияга балык экспорту токтогону Кыргызстан 4 млрд сом чыгымга учурады

Кыска кабар | 5 мая 2023 | 661 | 0

Орусияга балык экспорттоо токтогондон бери кыргызстандык ишкерлер 4 млрд сомго жакын чыгымга учурады. Бул тууралуу кечээ, 4-майда өткөн балык багуучулардын биринчи курултайында Балыкчылар ассоциациясынын төрагасы Урмат Жумалиев маалымдады.

Жумалиев Россельхознадзордун мындай чечимге келишине ириде Кыргызстандын ветеринардык кызматтарын айыптап, алар эч кандай анализ жүргүзбөгөндүктөн ушундай кырдаалга кептелип жатышканын билдирди.

«Ветеринардык кызматкерлер бизди угушун суранам. Экспорттун планын иштеп чыгып, анда кандай анализдер керек экенин такташыңыздар керек болчу. Андай кылган жоксуңар. Азыркы учурда Орусия эки ата мекендик компаниянын экспортуна салган тыюусун алды, бирок алар дагы эле экспортко эч нерсе жөнөтө албай келишет. Кайсы лабораторияларга, кайсыл анализдерге барары белгисиз. Чек ара жабылган үч ай ичинде ветеринардык кызмат абалды өзгөртүүгө эч кандай чара көргөн жок», — деди Жумалиев.

Айта кетсек, Россельхознадзор февраль айында эки жыл ичинде Кыргызстандан келген форелде зыяндуу заттар ченеминен ашып кеткен учурлар бир нече жолу катталганын кабарлап, андан соң 16-февралдан тарта кыргыз балыгын жана икрасын өз өлкөсүнө алып кирүүгө тыюу салган.

Бул маселе боюнча айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков 13-апрелде билдирүү жасап, текшерүүдөн өткөн бардык ишкана бир жуманын ичинде балык экспортун жанданта аларын маалымдаган.

Даярдаган: Нургүл Камчыбекова

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM