Биз менен байланышыңыз

Курагы боюнча пенсияга чыгууда кандай документтер керектелет?

Блог | 5 мая 2023 | 480 | 0

Жашы келгенде пенсияга чыгуу үчүн кандай документтер керектелери боюнча Социалдык фонд маалымат жарыялады. Төмөндө ошол документтердин тизмесин беребиз:

1) паспорт;

— качкын расмий статусу бар чет өлкөлүк жарандарга — качкын күбөлүгү;

— жашап туруу укугу бар чет өлкөлүк жарандарга – ички иштер органдарынан берилген укуктук тастыктама (вид на жительство);

2) эмгек китепчеси;

3) 1996-жылга чейин катары менен 60 ай үчүн айлык акы тууралуу маалымкат.

Буларга тышкары пенсияга курагы келген жарандын камсыздандыруу стажын тастыктоочу документтер: кесиптик, атайын орто окуу жайын аяктагандыгы тууралуу дипломун, аскер билетин, апалар балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн тапшырса болот. Айтылган документтер жок болгон же тапшырууга мүмкүн болбогон учурда арыздын бланкына окуган, аскер кызматын өтөгөн жылдарын толтурушу керек.

Айта кетсек, мыйзамга ылайык, пенсия чыгуу үчүн документтерди жаш курагы келгенден алты ай мурда тапшырышы керек. Кыргызстанда пенсияга эркектер 60-63 жашында, аялдар 55-58 жаштан чыга алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM