Биз менен байланышыңыз

ФИФАнын президенти Кыргызстанга келди (видео)

Кыска кабар , Спорт | 5 мая 2023 | 406 | 0

Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) президенти Жанни Инфантино Кыргызстанга иш сапары менен келди. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди.

Маалыматта бул ФИФА президенти Кыргызстанга биринчи жолу келип жатканы, бүгүн, 5-майда Президент Садыр Жапаров менен жолугушары айтылган. Андан тышкары Кыргыз футбол союзунун жаңы административдик кеңсесинин ачылышына да катышат.

Жанни Инфантино менен башка да жолугушуулар белгиленген. Анда Кыргыз футбол союзунун демилгелери, Кыргызстанда футбол оюнун өнүктүрүү, жакшыртуу сыяктуу бир катар маселелер талкууланат.

Эл аралык футбол федерациясына 211 мамлекет мүчө. Кыргызстан 1994-жылы кирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM