Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондунун төрагасы камакка алынды

Кыска кабар | 5 мая 2023 | 269 | 0

Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Темирбек Эркинов 3-июлга чейин камакка алынды. Чечимди Биринчи Май райондук соту 4-майда чыгарганын соттун басма сөз кызматы ырастады.

Чечимге ылайык, Темирбек Эркинов тергөө аяктаганга чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайында болот.

Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, фонддун төрагасын «коррупция» беренеси боюнча буга чейин козголгон кылмыш иштин алкагында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 3-майда кармашкан.

Баштапкы капиталы 50 млн долларды түзгөн Кыргыз-венгер өнүктүрүү фонду 2021-жылы 7-сентябрда эки өлкөнүн өкмөтү тарабынан ратификацияланып, 5-ноябрда ишин расмий баштаган. Фонддун башкармалыгына Темирбек Эркинов төрага болуп дайындалган.

Темирбек Эркинов бул кызматынан тышкары Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кеңешчиси милдетин да аркалап келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM