Кыргызгидромет борбору билдиргендей, эртең, 4-майда өлкө аймагында түнкүсүн жана эртең менен үшүк жүрүшү күтүлөт. Чүй облусунун тоо этектеринде жана Нарын, Талас облусунун дыйканчылык аймактарында кар жаашы мүмкүн.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында, Ош, Баткен облустарынын тоолуу аймактарында жаан жаап, бийик тоолордо кар жаашы мүмкүн.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 17-22 метрге метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз 12…17;
Талас жергесинде түнкүсүн +1…+6, күндүз 10…15;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +8…+13, күндүз 22…27;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +8…+13;
Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +7…+12;
Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +13…15 градуска чейин жетет.