Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Бишкектин айрым көчөлөрүндө суу болбойт

Кыска кабар | 3 мая 2023 | 348 | 0

Бүгүн, 3-майда Бишкектин айрым көчөлөрүндө суу болбойт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 3-майда саат 08:00дөн 22:00гө чейин Жал кичирайонундагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу Ахунбаев, Курчатов, Тыналиев, Миңжылкиев көчөлөрү менен чектелген аймакта суу өчүрүлөт.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну өтүнөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM